КР Экономика жана коммерция министрлигинин башчысы менен РФ Экономикалык өнүгүү министрлигинин башчысынын орун басары эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты

Новости
28-Сентябрь 2023-ж.
825

2023-жылдын 27-сентябрында ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрлеринин 22-жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министринин орун басары Владимир Ильичев менен жолугушуу өткөрдү, анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.


Министр Д.Амангелдиев соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясы жана кыргыз-орус региондор аралык конференциясы сыяктуу эки тараптуу кызматташуунун учурдагы механизмдеринин ролун белгиледи, алар соода- экономикалык шериктештикти чыңдоого жана кеңейтүүгө багытталган. 


Өз кезегинде министрдин орун басары В.Ильичев эки өлкөнүн ортосундагы конструктивдүү диалогду жогору баалап, анын алкагында Кыргызстан менен Россиянын ишкер чөйрөлөрүнүн соода, инвестиция жана өнөктөштүк маселелери кеңири талкууланып жатканын билдирди.


Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты илгерилетүү, кыргыз экономикасын модернизациялоо жана өнүктүрүү үчүн абдан натыйжалуу жана маанилүү курал болуп саналган Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишин жогору баалады.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга жана өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири спектри боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендиктерин жана чечкиндүү экендиктерин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу