Деңизге чыгуучу жолдору жок өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн Эл аралык аналитикалык борбор түзүлөт

Новости
19-Октябрь 2015-ж.
1960

Кыргыз Республикасы деңизге чыгуучу жолу жок өлкө болуп саналат, буга байланыштуу, кошумча чек араларды кесип өтүү, негизги рынокторго чейинки чоң аралыкты жеңүү зарылдыгына тийиштүү эл аралык соодада кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө, түйшүктүү транзиттик жол-жоболорго кабылууда жана өнүкпөгөн транспорттук инфратүзүмгө ээ.

Мындай жагдай транспорттук тейлөөдөгү жалпы чыгашаларды жана башка операциялык чыгымдарды кыйла көбөйтөт жана өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келет.

Деңизге чыгууга жолдору жок өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн өзгөчө муктаждыктарын канааттандыруу максаттарында, Монголиянын Улан-Батор ш. жайгашкан Эл аралык талдоо борбору түзүлөт.

Эл аралык талдоо борборунун ишинде катышуусу Кыргызстандын бул көйгөйлөрүн Кыргыз Республикасынын жалпы кызыкчылыктарына жооп бере турган эл аралык деңгээлге алып чыгуусуна мүмкүн экендигин эске алуу менен, Экономика министрлиги тарабынан 2010-жылдын 24-сентябрында Нью-Йорк ш. кол коюлган Деңизге чыгуучу жолдору жок өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн Эл аралык аналитикалык борбор түзүү жөнүндө ар тараптуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору иштелип чыкты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу