Банк секторундагы үстөк пайда боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт

Новости
28-Сентябрь 2023-ж.
1341

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Алсак, сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулоодо банк тармагындагы ашыкча пайдага салыкты киргизүү маселеси да каралды. Бул маселе банк секторунун өкүлдөрүн кеңири тартуу менен ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин алкагында (ЭКМдин 2023-жылдын 15-июнундагы № 76 буйругу) талкууланды.

Банк сектору жана жалпы эле бизнес чөйрөсү боюнча талкуунун жүрүшүндө ар кандай жагдайлардан улам банк секторунда үстөк пайдага салыкты киргизүү туура эмес деген пикирлер айтылды. Ушуга байланыштуу бул маселени биргелешип талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбооруна ашыкча пайда салыгын киргизүү боюнча ченем киргизилген жок.

Ошентип, Банк секторундагы үстөк пайда боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бул салыкты киргизүү боюнча сунуш киргизүүнү пландаган эмес.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу