Басма сөз билдирүү КМШга мүчө мамлекеттердин өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин тогузунчу жыйыны

Новости
28-Сентябрь 2023-ж.
1099

2023-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарында саат 9:30да Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында КМШга мүчө мамлекеттердин өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин тогузунчу жыйыны өтөт.

Жыйынга Кеңештин мүчөлөрү жана Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, КМШнын Аткаруу комитетинин, илимий жана билим берүү уюмдарынын жана Шериктештик мамлекеттердин бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышат.

Кеңештин жыйындары КМШга мүчө-мамлекеттердин министрликтеринин, ведомстволорунун жана адистештирилген уюмдарынын жетекчилеринин жана эксперттеринин өнөр жай саясаты чөйрөсүндөгү маселелерди жана милдеттерди коллегиалдуу талкуулоо, экономиканын түрдүү тармактарын өнүктүрүү боюнча макулдашылган маанилүү чечимдерди кабыл алуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу