Экономика жана коммерция министринин орун басары К.Абдрахмановдун Экономиканы диверсификациялоого көмөктөшүү программасынын алкагында АӨБ миссиясы менен жолугушуусу болуп өттү

Новости
26-Сентябрь 2023-ж.
833

2023-жылдын 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Канат Абдрахманов менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Миссиясынын ортосундагы жумушчу жолугушуусу болуп, анда Экономиканы диверсификациялоого көмөктөшүү программасынын өз ара аракеттенүүсүнүн кызматтык милдеттерди аткаруунун алкагындагы иш-чаралардын аткарылышы талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасындагы сооданын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү, экспорттук потенциалды өнүктүрүү жана чакан орто бизнести колдоо маселелерин көтөрүштү.

Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларындагы ишкерлерди тейлөө борборлорун жакшыртуу, халал индустриясын өнүктүрүү борборунун ишмердүүлүгүн кеңейтүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Экономиканы диверсификациялоо программасын мындан ары алга жылдыруу, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу, жаңы биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча макулдашууларга жетишилди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу