Министрдин орун басары К.Абдрахманов БУУнун ЭСКАТО өкүлдөрү менен бизнести колдоо жана инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери боюнча жолугушту

Новости
25-Сентябрь 2023-ж.
972

2023-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Канат Абдрахманов менен БУУнун ЭСКАТО Миссиясынын өкүлдөрү Андреас Дресслер менен Хизер Тейлор-Стросстун жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушуунун жүрүшүндө  БУУнунЭСКАТО өкүлдөрү миссиянын милдети Кыргыз тарапка тиешелүү Жол картасын жана аны андан ары ишке ашыруу планын иштеп чыгуу менен чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн экономикалык тармактарды аныктоодо көмөк көрсөтүү экенин билдиришти.

Министрликтин өкүлдөрү бизнести колдоого жана инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган жүргүзүлүп жаткан реформалар (салык реформалары, соода процедураларын жөнөкөйлөтүү, бизнести колдоо) боюнча кеңири маалымат беришти.

Бул жыйынга Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды тартуу боюнча улуттук агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу