Астана ш. ЕЭК Кеңешинин жыйынында 30 долбоор – документтер, ошондой эле ЖЕЭК жыйынынын маселелери талкууланды

Новости
18-Октябрь 2015-ж.
1903

Кыргыз Республикасынын Экономика министри Олег Панкратов 2015-жылдын 14-октябрында Астана шаарында болуп өткөн Евразия Экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө 30 долбоор – документтер, ошондой эле 2015-жылдын 16-октябрында Бурабай поселогунда болуп өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) жыйынынын маселелери талкууланды.

Атап айтканда, орто мөөнөттүү келечекке карата ЕАЭБдин негизги өнөктөштөрү менен соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө карата мамилелер боюнча документтер, 2015-2016-жылдарга карата Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын тизмеги, ошондой эле техникалык жөнгө салуу жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү маселелер талкууланды жана кабыл алынды.

Ошондой эле ЕЭК кеңешинин мүчөлөрү бажылык башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнү камсыз кылуучу, тышкы соода ишмердиги үчүн жагымдуу шарттарды түзүүчү ЕАЭБдин жаңы Бажы кодексинин маселелерин талкуулашты.

Жалпысынан ЕЭК Кеңешинин жыйынынын катышуучулары Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча өз ара пайдалуу чечимдерге келишти.

2015-жылдын 16-октябрында Бурабай п. Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) жыйыны болуп өттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу