Министр Д.Амангелдиев алдыда боло турган Келечек саммитинде бирдиктүү аракетке чакырат

Новости
25-Сентябрь 2023-ж.
820

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында өтүп жаткан Келечектеги Саммитте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев залда отургандардын баарына алдыда боло турган Келечектеги Саммиттин алдында күчтөрдү бириктирүү зарылчылыгы тууралуу маанилүү билдирүү менен кайрылды. Ал глобалдык баалуулуктарга берилгендиктин жана келечек муундардын алдындагы негизги жоопкерчиликтин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Министр өз кайрылуусунда Келечектеги саммит жамааттык аракетти жана 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүктүрүү максаттарын тездетилген ишке ашырууну талап кылган орчундуу учур экенин белгиледи. Ал глобалдык тобокелдиктер жана чакырыктар көп тараптуу системаны жаңыртууну талап кылаарын, мында мүчө мамлекеттердин ортосундагы ишенимди калыбына келтирүүгө басым жасаганын баса белгиледи.

«Келечек үчүн келишим» жол картасы катары көрсөтүлдү, анын ар бир главасы дүйнөлүк коомчулуктун мүчөлөрүнүн жалпы жолунун эң маанилүү аспектилери менен үндөшүп турат. Маанилүү багыттарга туруктуу өнүгүү жана финансы, эл аралык тынчтык жана коопсуздук, илим, технология, инновация жана санариптик кызматташтык, жаштар жана келечек муун кирет.

Министр Д.Амангелдиев сөзүн жыйынтыктап, Кыргызстан бардык мүчө-мамлекеттер менен кызматташууга умтуларын баса белгилеп, туруктуу, инклюзивдик жана адилеттүү келечекке жетээрине ишеним артты. Ал бардык катышуучуларды 2024-жылы боло турган Келечектеги Саммитке чогулуп, "Арт жакта эч ким калбайт" деген ураанга ылайык кадам сайын тынчтыкты сактоого чакырды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу