КЭР менен техникалык-экономикалык кызматташуунун алкагында Кыргызстанга 2 комплект мобилдүү ооруканалар жеткирилди

Новости
24-Сентябрь 2023-ж.
881

24-сентябрда Бишкекте КР Президенти Садыр Жапаров жана Кытай Эл Республикасынын Атайын Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвень катышкан Мобилдик оорукананы КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү. 

Бул иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президенти жана кыргыз тараптын башка өкүлдөрү Мобилдик оорукананын атайын жабдуулары жана техникалары менен таанышты.

«Мобилдик оорукана» долбоорунун алкагында Кыргызстанга 38 атайын медициналык унаадан жана башка компоненттерден турган 2 мобилдүү ооруканалар топтому берилди.

Долбоор өзгөчө кырдаалдарда иштөө жана жетүүгө кыйын болгон калктуу конуштарда калкка тез медициналык жардам көрсөтүү үчүн тез чара көрүү медициналык комплексинин көп функционалдуу системасын жайылтууга мүмкүндүк берет.

Долбоор Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы техникалык-экономикалык кызматташтыктын алкагында Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн акысыз жардамынын аркасында ишке ашырылган.

Маалымат иретинде:

Кытай Эл Республикасынан гранттык жардам Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы Макулдашуунун алкагында техникалык-экономикалык кызматташуу аркылуу берилет. Ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги эки тараптуу техникалык-экономикалык кызматташтыкты биргелешип координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар болуп аныкталган.

«Мобилдик оорукана» долбоорунун негизги аткаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу