Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде 2023-жылдын 23-сентябрынан 23-декабрына чейин “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланды

Новости
22-Сентябрь 2023-ж.
808

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 100 жылдык юбилейине даярдык көрүү жана анын туулган күнүнүн 95 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-июнундагы № 353-т тескемесине, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан 2023-жылдын 18-сентябрында бекитилген жобого ылайык 2023-жылдын 23-сентябрынан 23-декабрына чейин   “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланды. Үч айлыктын алкагында өткөрүлө турган иш-чаралар планы тиешелүү түрдө буйрук менен бекитилүүдө. 

Иш-чаралар планына ылайык бул аралыкта министрликтин борбордук аппаратынын, ошондой эле ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин тил билүү деңгээлин аныктоочу Кыргызтест тутумунан тесттен толук өтүп бүтүүсү камсыздалып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомуна ылайык ар бир кызматкер В2 деңгээлинен жогорку көрсөткүчтөгү тастыктамаларга ээ болуп, иш кагаздарынын мамлекеттик тилде сапаттуу жүргүзүлүшүнө өбөлгө болот. Мындан тышкары жакынкы аралыкта Кыргыз улуттук “Манас” театрынын кызматкерлери менен биргеликте “Манас” эпосундагы экономика темасын ачып көрсөтүүчү кызыктыруучу баяндама угуу мүмкүнчүлүгү турат. Министрликтин аталган буйругунда көрсөтүлгөндөй, үч айлыктын алкагында Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия уюштуруп жаткан сынакка да жигердүү катышуу мерчемделүүдө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу