КР ЭКМ башчысынын орун басары менен Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасынын жолугушуусунда соода, өнөр жай жана туризм тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды

Новости
21-Сентябрь 2023-ж.
701

2023-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында министрдин орун басары  Назарбек Малаев менен Санкт-Петербург Тышкы байланыштар боюнча комитеттин төрагасы  Евгений Григорьевдин жолугушуусу болуп өттү. 

Жолугушууда министрдин орун басары Н.Малаев россиялык тарапка жолугушууну өткөрүү демилгеси үчүн ыраазычылык билдирип, 2023-жылдын 21-сентябрында Бишкек шаарында. Илимий-техникалык жана маданий кызматташтык, ошондой эле эки тарапты соода-экономикалык маселелер боюнча өкмөттөр аралык Кыргыз-Санкт-Петербург биргелешкен комиссиясынын он экинчи отурумунун протоколуна кол коюулары менен куттуктады.

Жолугушууда тараптар соода, өнөр жай жана туризм тармагындагы кызматташуу маселелерин көтөрүштү. Министрдин орун басары Н.Малаев кыргыз тараптын соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууга зор кызыгуусу бар экенин, анын ичинде Санкт-Петербург шаарында Кыргыз Республикасынын соода павильондорун (соода үйлөрүн) ачуу, коммерциялык маселелер, Россия Федерациясынын чекене соода түйүндөрүнө Кыргызстандын продукциясын жеткирүү боюнча, ошондой эле электрондук соода-сатык боюнча өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Министрдин орун басары ошондой эле фармацевтика, жүндү кайра иштетүү, айыл чарба продукциясын экспорттоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү белгиледи.

Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Е.Григорьев өз кезегинде кыргыз тарапка меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Санкт-Петербург тарап бардык белгиленген багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары, Орусия тарап соода-экономикалык жана айыл чарба потенциалын жогорулатуу максатында Кыргызстандын продукциясын Санкт-Петербург шаарына экспорттоого кызыкдар экенин билдирди.

Бул максаттарда россиялык тарап Санкт-Петербургдагы соода түйүндөрүнө кыргыз продукциясын мүмкүн болуучу ташып жеткирүү үчүн Кыргыз Республикасындагы соода-логистикалык борбор менен кызматташууга даяр. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын кызыкдар бизнес түзүмү да соода павильондорун ачуу маселелерин иштеп чыгууга даяр турат.

Ошол эле учурда Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы туризм жана өнөр жай тармагында кызматташууга, квалификациясын жогорулатууга жана экономикалык ишмердүүлүктүн талап кылынган багыттары боюнча кызматкерлерди даярдоого көмөк көрсөтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу