КР ЭКМ башчысы ТӨМ үчүн GDI глобалдык өнүктүрүү демилгесинин алкагында кызматташуунун жыйынтыктары боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышты

Новости
21-Сентябрь 2023-ж.
772

Бириккен Улуттардын Уюмунун Генеральный Ассамблеясынын 78-сессиясында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Туруктуу өнүгүү максаттары: аракет жана прогресс үчүн GDI (Глобалдык өнүгүү демилгеси) глобалдык өнүктүрүү демилгесинин алкагында кызматташуунун жыйынтыктары боюнча Жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышты.

Дүйнөлүк өнүгүү демилгесинин алкагында өлкөлөр жакырчылыкты кыскартуу, айыл чарбасында жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүү, алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда керектүү жашоо көндүмдөрүн камсыз кылуу боюнча жетишкен натыйжаларды билдиришкен.

Ушундай жол менен Кытайдын Глобалдык Өнүгүү Демилгеси өлкөлөрдү Туруктуу Өнүгүү максаттарына жетүүдө колдойт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу