Министр Д.Амангелдиев Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Өнүктүрүү үчүн каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги диалогго катышты

Новости
21-Сентябрь 2023-ж.
688

Экономика жана коммерция министри Д.Амангелдиев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында “Карыздын туруктуулугун илгерилетүү жана дүйнөлүк финансылык коопсуздук системасын бекемдөө” багыты боюнча Өнүктүрүү үчүн каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги диалогго катышты.

Министр Д.Амангелдиев өз сөзүндө Кыргызстан Туруктуу өнүктүрүү максаттарына бекем карманып, алдыга коюлган максаттарга жана милдеттерге жетишүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатканын белгиледи.

Ошону менен бирге министр Д.Амангелдиев белгилегендей, Аддис-Абебанын өнүктүрүүнү каржылоо боюнча иш-аракеттер программасынын (БУУнун Башкы Ассамблеясынын өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө колдоо көрсөтүү резолюциясы менен бекитилген) декларативдик деңгээлде калган шарттарын так аткаруу зарылчылыгы бар.

Каржылоо боюнча милдеттенмелерди аткарбоо Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн олуттуу тобокелдиктерди жаратат. Бул программаны колдоо Кыргызстанга жана ушул сыяктуу көйгөйлөрү бар башка өлкөлөргө ТӨМгө жетүү боюнча милдеттенмелерин аткарууга жардам берет.

Тиешелүү көңүл бурулбаса жана карыз кризисинен чыгуунун эффективдүү стратегиялары иштелип чыкпаса жана олуттуу инвестицияларсыз ТӨМгө жетүү мүмкүн эмес.

Министр Д.Амангелдиев мамлекеттик карызды жашыл демилгелерге айландыруу механизмин сунуштап, өзгөчө Түштүк-Түштүк өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын алкагында карыздык милдеттенмелер жаатында конструктивдүү чечимдерди табуу зарылдыгын белгиледи.

«Биз карызды айлана-чөйрөгө, экологияга жана социалдык өнүгүүгө байланышкан долбоорлорго айландырууга чоң маани беребиз жана БУУнун урматтуу Башкы катчысынын өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө колдоо көрсөтүүнү максат кылган энергиянын кайра жаралуучу булактарына тезирээк өтүүдө «Климаттык тилектештик пактын» түзүү демилгесин колдойбуз. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн карыздык милдеттенмелерин жашыл долбоорлорго айландыруу «Эч кимди артта калтырбоо» принцибине толугу менен шайкеш келет деп эсептейбиз», - деп белгиледи министр.

Жыйынтыгында министр Д.Амангелдиев азыркы өзгөрүлүп жаткан шарттарда калктын аялуу катмарын, анын ичинде чакан жана орто ишканаларды колдоо үчүн жашыл жана климаттык каржылоону камтыган туруктуу каржылоодо алардын Жашыл экономиканын принциптерине өтүүдө маанилүү экендигин белгиледи.  


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу