КР административдик-аймактык реформасынын учурдагы абалы тууралуу

Новости
21-Сентябрь 2023-ж.
2305

Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы Жарлыгы менен бекитилген “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын” алкагында жүргүзүлүп жатат.

Административдик-аймактык реформанын жүргүзүүнүн тартиби, убактысы, жооптуу аткаруучулары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин             2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планында” белгиленген.

Иш-чаралар Планынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы Жарлыгы менен КР Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын денгээлинде пилоттук негизде административдик-аймактык реформа жүргүзүү бекитилген. 

Аталган Жарлыкты турмушка ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу” КР МК 2023-жылдын 5-апрелиндеги токтому менен 2023-2024-жылдарга иш-аракеттеринин Планы бекитилген. 

Бул иш аракеттер Планы Түп районунда жүргүзүлүп жаткан айыл аймактарынын деңгээлиндеги административдик-аймактык реформага тиешелүү болгон бардык маселелерди камтыган, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган, мамлекеттик органдардын макулдугу жана катышуусу менен иштелип чыккан комплекстүү иш-чара болуп эсептелет. Иш-аракеттеринин Планы 37 пункттан турган милдеттерди жана 105 иш чараларды камтыйт. 

Иш чаралар кабыл алынган күндөн тартып мамлекеттик органдар, анын ичинде Экономика министрлиги, Түп районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясы, өз алдынча башкаруу органдары белгиленген иш-чараларды этап этабы менен ишке ашыруунун үстүндө иштеп келүүдө.

Бүгүнкү күндө, Түп районунун айыл аймактарында ирилештирүү иштери аягына чыгып, 13 айыл аймактын ордуна 5 айыл аймагы түзүлүп, жаңы түзүлгөн айыл аймактары толук кандуу иштерин алып барууда. 

Ал эми, иш аракеттер Планынын милдеттери жана иш чаралары белгиленген тартипте аткарылып жатат. Белгилей кетүүчү нерсе, иш чараларды аткарууга тартылган ар бир мамлекеттик орган, өз алдынча башкаруу органдары өз милдеттерине жоопкерчилик менен мамиле кылып, иш чараларды өз убагында аткаруу аракеттери жүрүп жатат. 

Ал эми Кыргыз Республикасындагы административдик аймактык реформанын кийинки кадамы болуп Нарын облусунда жүргүзүлүп жаткан пилоттук негиздеги айыл аймактарынын деңгээлиндеги административдик-аймактык реформа эсептелет.

КР Президентинин 2023-жылдын  3-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгы менен облустун карамагындагы 63 айыл аймактарынын ордуна 27 айыл аймагы түзүлүп, бүгүнкү күндө, уюштуруу иштери аягына чыгып, жаңы уюшулган айыл аймактары толук кандуу иштерин алып барууда.

Ошондой эле, Нарын облусунун аймагында айыл аймактарын ирилештирүү менен бирге, жайыт комитеттеринин, суу колдонуучулар ассосиациясынын жана ичүүчү суу колдонуучулар коомдук бирикмесинин иштерин кайрадан карап чыгып, башкаруу системасын толугу менен өзгөртүү иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган жарлык менен Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын аткаруу органдарына тиешелүү финансылык камсыздоо менен бирге төмөнкү ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү каралган:

- мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана тескөө;

- ички чарбалык ирригациялык системаларды эксплуатациялоо, күтүү жана келишимдик шарттарда сугат жерлерине ээлик кылган жана пайдаланган жактарга сууну бөлүштүрүү;

- ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын комплекстүү тейлөө жана өнүктүрүү жана жайыт жерлерин натыйжалуу башкаруу үчүн муниципалдык ишканаларды түзүү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу