Лабораториялык сыноолордун отчетторун даярдоонун жана колдонуунун автоматташтырылган тутумун пилоттук ишке киргизүү жөнүндө https://protocols.trade.kg/

Новости
21-Сентябрь 2023-ж.
1154

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндөгү бирдиктүү терезе борбору» мамлекеттик ишканасы 2023-жылдын 25-сентябрынан тартып лабораториялык сыноолордун отчетторун даярдоонун жана колдонуунун автоматташтырылган тутумун пилоттук түрдө ишке киргизет. (мындан ары - AСП) https:/ /protocols.trade.kg/.

2023-жылдын 20-сентябрында Министрликте лабораториялык сыноолордун отчетторун каттоо жана колдонуу процесстерин автоматташтыруу боюнча иш-чараларды координациялоо боюнча Жумушчу топтун кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө БТБ мамлекеттик ишканасынын директору Азамат Усенбаев долбоорду ишке ашыруунун абалы тууралуу маалымат берип, иштеп чыгуу баскычынын аяктагандыгы тууралуу маалымат берди.

Долбоордун максаты – лабораторияларда сыноо отчетторун берүү үчүн бизнес-процесстерди оптималдаштыруу, шайкештикти баалоо боюнча документтерди берүү процессин контролдоо үчүн инструменттерди түзүү, сыноолордун отчетторун бурмалоо тобокелдиктерин жоюу, товарларды ар кандай жол-жоболоштурууда, анын ичинде бажы чек араларынан өтүүдө кызыкдар тараптардын маалыматтарын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн протоколдордун бирдиктүү реестрин түзүү. 

AСП төмөнкү негизги функцияларды камтыйт:

- лабораториялык изилдөөлөргө арызды электрондук түрдө берүү;

- маалыматтарды алуу үчүн башка маалымат системалары менен интеграциялоо:

- сыноолордун протоколдорун түзүү;

- тестирлөө отчетторунун маалыматтарынын негизинде реестрди түзүү.

Пилоттук долбоордун катышуучулары катары шайкештикти баалоо боюнча төмөнкү аккредитацияланган уюмдар аныкталган:

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча Бишкек борборунун (БЦИСМ) эл керектөөчү товарларды, идиштерди жана таңгактарды сыноо лабораториясы;

- БЦИСМдин тамак-аш жана айыл чарба продукцияларын сыноо лабораториясы;

- Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун Түндүк региону боюнча химия-токсикология жана ветеринардык-санитардык экспертиза бөлүмү;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана экспертиза департаментинин Борбордук клиникалык лабораториясынын химиялык-аналитикалык изилдөөлөр лабораториясы.

- «Сертификат плюс» ЖЧКсынын сыноо лабораториясы.

Лабораториялык сыноолордун отчетторун каттоо жана колдонуу процесстерин автоматташтыруу долбоору техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан демилгеленген жана Эл аралык соода борборунун (ЭСБ) "Соодага даяр болуу - Борбордук Азия" долбоорунун колдоосунда БТБ мкамлекеттик ишщканасы тарабынан ишке ашырылууда. 

АСПнын пилоттук эксплуатациясы 2023-жылдын 25-сентябрынан 24-ноябрына чейин жүргүзүлөт.

АСПны пилоттук эксплуатациялоонун жыйынтыгы боюнча коммерциялык эксплуатацияга киргизүү жана шайкештикти баалоо боюнча бардык органдарды тартуу боюнча сунуштар киргизилет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу