Экономика жана коммерция министрлиги: 1-сорттогу 50 кг ундун баасы 1500 сом

Новости
20-Сентябрь 2023-ж.
909

2023-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Чыңгыз Макешовдун төрагалыгы алдында кызыкдар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Ун комбинаттары ассоциациясынын, соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле ун өндүрүүчүлөр менен базардагы 1-сорттогу унга болгон баалардын абалы боюнча жыйын өттү.

Акыркы күндөрү жергиликтүү жана сырттан келген унга болгон баалардын кымбаттаганы байкалууда.

Ун өндүрүүчүлөр жарманкеден тышкары унга болгон бааны өз алдынча жөнгө салабы деген суроого министрдин орун басары Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, Мамлекеттик матрезервдик фонддун өкүлдөрү, ун тегирменчилер менен болгон жумушчу жолугушууда биринчи сорттогу бир мүшөктүн баасы 1500 сомдун тегерегинде белгиленгендигин айтты. Ал эми 30га жакын ун чыгаруучу ишканалар ушундай баа менен түз эле рынокко чыгышкан. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда өз кезегинде дан жетиштүү.

Учурда ун 16 социалдык мааниге ээ товарлардын тизмесине киргизилген, алардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген. Ун өндүрүүчүлөр кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган жана ички соода жөнүндө мыйзам кабыл алынган, ага ылайык чекене тармактар ретро бонустардан баш тартышкан жана продукциянын баасы көтөрүлбөшү керек,- деп белгиледи Ч.Макешов.

Базарларда ун саткан сатуучулардын айтымында, ундун баасы Казакстанда өндүрүлгөн дүң баанын жогорулашынан улам көтөрүлгөн. 

КР ун комбинаттары ассоциациясынын маалыматы боюнча, учурда буудайды импорттоочулар Казакстан аркылуу дан ташып өтүүдө көйгөйлөрдү жаратууда.

Жалпысынан бул жыйында Кыргызстандын базарларында 1-сорттогу унга болгон баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу көйгөйлөр айтылды. Бирок ун өндүрүүчүлөр фирмалык дүкөндөрдө ундун баасы азыркы баада сакталып жатканын айтышууда. Бирок Кыргыз Республикасынын базарларында ата мекендик унга жана Казакстан Республикасынан ташылып келинген унга бир аз кымбаттаганы байкалууда.

Ушуга байланыштуу министрлик жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик резервден азык-түлүк буудай данын чыгаруу жана кайра иштетүү боюнча токтомдун долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алды, анын жыйынтыгында ун өндүрүүчүлөр андан ары кайра иштетүү үчүн сырьену жетиштүү санда сатып ала алат.

Ошондой эле, КР Айыл чарба министрлиги бардык категориядагы азык-түлүк буудайын жана унду экспорттоого тыюу салуу боюнча чечимдин долбоорун киргизди.

Жыйынга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү да катышып, аларга өндүрүүчүлөрдөн тоскоолдуксуз сатуу үчүн унду түз сатуу пункттары үчүн чекене соода түйүндөрүн уюштуруу тапшырмасы берилди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу