Кыргыз Республикасы менен Кипрдин ортосундагы кош салык салуудан качуу жана киреше салыгы боюнча салык төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жөнүндө

Новости
20-Сентябрь 2023-ж.
1164

2023-жылдын 19-сентябрынан тартып Никосия шаарында (Кипр Республикасы) Кыргыз Республикасы менен Кипр Республикасынын ортосундагы киреше салыгы боюнча кош салык салуудан качуу жана салык төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Сүйлөшүүлөргө кыргыз тараптан КР Экономика жана коммерция министрлигинин, КР Тышкы иштер министрлигинин жана КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү катышууда.

Маалымат иретинде:

Учурда жакынкы жана алыскы чет мамлекеттер менен ар бир мамлекетке кирешенин жана капиталдын айрым түрлөрүнө салык салуу укугун берүү аркылуу өнөктөш өлкөлөрдүн ортосундагы салык мамилелерин жөнгө салууга багытталган эки тараптуу келишимдерди түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Өлкөлөр ортосундагы мындай мамилелердин негизги максаты ар кайсы өлкөлөрдө бирдей салыктар менен чарба жүргүзүүчү субъекттердин кирешелерине кош салык салууну жоюу болуп саналат.

Белгилей кетсек, кош салык салуу боюнча макулдашуулар республиканын экономикасына чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуунун каражаты катары да каралат.

Мындан тышкары, Макулдашуунун негизги максаттары бир мамлекеттин резидентин башка Келишим түзүүчү мамлекетте басмырлоочу салык салуудан коргоо, салык төлөөдөн качууну же Макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууну болтурбоо жана Макулдашкан мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашуу болуп саналат. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу