Кадимки куралдардын экспортун эффективдүү көзөмөлдөөнү илгерилетүү аракеттеринин алкагында маалымдуулукту жогорулатуу иш-чарасы жөнүндө

Новости
18-Сентябрь 2023-ж.
874

Курал-жарактын натыйжалуу экспортун көзөмөлдөөгө көмөктөшүү боюнча ЕБ (Европа Биримдиги) долбоору 2023-жылдын 12-сентябрынан 14-сентябрына чейин Латвиянын Рига шаарында кадимки курал экспортун эффективдүү көзөмөлдөөнү илгерилетүү аракеттеринин алкагында маалымдоо иш-чарасын өткөрдү.

Иш-чараны Европа Биримдиги Германиянын Федералдык Тышкы иштер министрлиги жана BAFA менен биргеликте Латвиянын жооптуу органдарынын жардамы менен уюштурууда.

Бул иш-чарада курал-жарак экспортун көзөмөлдөө жаатындагы лицензиялоо маселелери каралып, ошондой эле тиешелүү улуттук процесстер боюнча маалымат алмашуу, ошондой эле күнүмдүк иштин көйгөйлөрү боюнча, анын ичинде өнөктөш өлкөлөрдөн келген мисалдарды талдоо үчүн аянтча түзүлдү. 

Маалымат ирентинде:

Маалыматтык экспорттук көзөмөл - көзөмөлдөнүүчү товарлардын жана технологиялардын (чийки зат, материалдар, жабдуулар, илимий-техникалык маалыматтар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр, натыйжалар) белгилүү бир тобуна карата тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун мамлекет тарабынан белгиленген тартибин камсыз кылуу боюнча чаралардын жыйындысы. Бул массалык кыргын салуучу куралды, аларды жеткирүү каражаттарын, куралдын жана аскердик техниканын башка түрлөрүн түзүү үчүн же террористтик актыларды даярдоодо жана (же) жасоодо колдонулушу мүмкүн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу