Мамлекет жана бизнестин ортосундагы коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду

Новости
01-Октябрь 2015-ж.
2250

2015-жылдын 2-октябрында 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган артыкчылыктарды илгерилетүүгө багытталган Экономика министрлигинде Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы (БАУА) менен бирге Коррупциянын алдын алуу жаатында өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюу болуп өттү.

Мамлекеттик органдар жана бизнес-коомчулуктун ортосунда коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында кызматташууну бекемдөө тууралуу меморандумга Кыргыз Республикасынын Экономика министри Олег Панкратов, БАУА Катчылыгынын жетекчиси Улугбек Кыдырбаев кол коюшту.

Министр Олег Панкратов белгилеп өткөндөй, өлкөдөгү коррупциянын деңгээли жана масштабы экономикалык өнүгүүгө кечеңдетүүчү натыйжа берүүдө. Инвестициялык климатка терс таасирин тийгизет, бул социалдык-экономикалык процесстерди жөнгө салуучу катары мамлекеттин ролунун төмөндөшүнө алып келет. Бүгүнкү күндө өлкөлүк атаандашуу процесси жүрүүдө, жана коррупциялык көрүнүштөр токтотуучу элемент болуп саналат.

У.Кыдырбаев өз сөзүндө коррупцияга каршы күрөшүүнүн алдын-алууда мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктардын күч-аракеттерин бириктирүү андан аркы иштеги төмөнкү багыттарды белгилөө менен Борбор Азиянын мейкиндиктериндеги алгачкы мисал болуп саналарын белгилеп өттү:

- натыйжалуу ченемдик-укуктук база коррупцияга каршы экспертиза жана ЧУАга жөнгө салуучу таасирин талдоо аркылуу бизнес үчүн негизги коррупцияга каршы инфратүзүм болуп саналат;

- коомду коррупцияга каршы жүрүм-турумга багыттоо жана коррупциянын белгилерин бөлүп кароо милдети турган коомчулуктун коррупцияга каршы маданияты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу