КР ЭКМнин башчысынын орун басары Кытай Элчилигинин жаңы кеңешчиси менен жолугушууда соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады

Новости
15-Сентябрь 2023-ж.
1243

2023-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Кытай Эл Республикасынын Элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча жаңы дайындалган кеңешчиси Юй Чжиган мырза менен жолугушуу өткөрдү.


К.Абдрахманов кеңешчини кызматка дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады. Ал ошондой эле өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык мамилелердин өнүгүшүнө ишеним артты.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги биргелешкен иш-чараларды талкуулашты.


Юй Жиган кыргыз тарапка бардык багыттар боюнча жардам берүүгө даяр экенин кабарлады.


Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу