КР Экономикалык коммерция министринин орун басары IFC Түркия жана Борбордук Азия боюнча директору менен жолугушууда МЖӨ механизмин колдонуу менен келечектүү долбоорлорду талкуулады

Новости
12-Сентябрь 2023-ж.
1165

2023-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов менен Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Түркия жана Борбордук Азия боюнча директору Вибке Шлёмер айымдын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инфраструктураны жакшыртууга багытталган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизмин колдонуу менен келечектүү долбоорлорду талкуулашты. Кыргыз Республикасындагы аэропортторду модернизациялоо жана күн электр станциясын куруу боюнча долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.

Өз кезегинде К.Абдрахманов министрлик ар тараптуу кызматташууну чыңдоого өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Ошондой эле, министрдин орун басары IFC командасына салыктык башкарууну реформалоого жана уруксат берүүчү документтердин электрондук реестрин иштеп чыгуу аркылуу лицензиялык-уруксат берүү системасын өркүндөтүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле IFC каржы секторун өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп жатканын жана бүгүнкү күндө бул багытта жеке долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгилей кетүү керек.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жеке секторду каржылоо портфелин кеңейтүү максатында мындан аркы кызматташууну макулдашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу