Экономика жана коммерция министрлиги көмүр рыногундагы жана жалпысынан социалдык маанилүү товарлардын баасына такай мониторинг жүргүзүп турат

Новости
11-Сентябрь 2023-ж.
1166

2023-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында Монополияга каршы кызматтын өкүлдөрүнүн катышуусунда өлкөнү жылытуу мезгилине даярдоо Маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө күз-кыш мезгилинде көмүрдүн жетишсиздигине жана алып-сатарлык баанын өсүшүнө жол бербөө максатында, монополияга каршы кызматка көмүр рыногундагы жана жалпысынан социалдык маанилүү товарлардын баасын такай көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилгени айтылды. Тактап айтканда, Б.Төрөбаев Баткен, Ош сыяктуу аймактарда катуу отундун кымбатташына жол бербөөгө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

Төраганын орун басары ошондой эле тургундардын муктаждыктарына 1,3 млн тонна керектелерин, катуу отун сатуу үчүн республика боюнча 549 база жайгаштырыла турганын белгиледи. Күзүндө ар кандай шашылыш жана спекуляцияларга жол бербөө үчүн, каалоочулар катуу отунду алдын ала сатып алуусу үчүн бул процесс тездетилип жатат. «Эгерде жеке компаниялар көмүрдү экспорттоодо ички керектөөчүлөр үчүн бааны көтөрсө, министрлер кабинети экспортко тыюу салат. Биринчи кезекте көмүр казуучу ишканалар бюджеттик мекемелердин жана калктын көмүргө болгон муктаждыгын канааттандырышы керек», - деп белгиледи сөзүнүн аягында Б.Төрөбаев.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу