КР Экономика жана коммерция министрлиги менен кореялык EVSIS Co LTD электр заряддоо станцияларын өндүрүү боюнча кызматташуу келишимине кол коюлду

Новости
08-Сентябрь 2023-ж.
1207

Жумушчу сапарынын алкагында электр транспорту тармагындагы саясатты иштеп чыгуу менен алектенген кыргыз делегациясы бул тармактын лидери болгон EVSIS ишканасына баруу менен, электр унаалары үчүн электр заряддоо станцияларынын өндүрүш процесси менен таанышты. Компания өндүрүштөн башкарууга жана тейлөөгө чейинки толук циклди ишке ашырат, ошондой эле Hyundai, KIA жана BMW сыяктуу ири автоконцерндерге кызмат көрсөтөт.

Ошондой эле кыргыз тараптын өкүлдөрү EVSIS компаниясынын изилдөө борборуна жана дата борборуна баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, заряддоо инфраструктурасын башкаруунун техникалык процесстери, ошондой эле Маалыматтарды иштетүү борборунда платформаны иштетүү процесси менен таанышышты.

Белгилей кетсек, EVSIS Lotte Data Communication (кореялык LOTTE Corporation) компаниясынын туунду компаниясы болуп саналат. EVSIS электромобилдер үчүн заряддоо станцияларын өндүрүү жана тейлөө боюнча алдыңкы үч кореялык компаниялардын бири. Компания ар кандай кубаттуулуктагы заряддагычтардан тартып жабдуулардын спектрин сунуштайт.

Ошондой эле жумушчу сапардын алкагында EVSIS компаниясынын жетекчилигинин деңгээлинде бир катар жолугушуулар өткөрүлдү.

Министрдин орун басары Канат Абдрахманов менен уюмдун башкы директору О Ён Шик мырзанын жолугушууларынын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен кореялык EVSIS компаниясынын ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Келишим электр заряддоочу станцияларды өндүрүүдө тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө жана кубаттоо инфраструктурасы жаатында тажрыйба алмашууга көмөктөшүүгө багытталган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу