Министрдин орун басары А.Үсөнбекова Шаньдун провинциясынын Ляочэн шаарынын партиялык комитетинин катчысы Ли Чанпин менен жолугушууда кызматташуунун келечегин талкуулады.

Новости
08-Сентябрь 2023-ж.
1558

2023-жылдын 7-сентябрында Кытай Эл Республикасынын делегациясынын Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында министрдин орун басары Айнура Үсөнбекова менен Шаньдун провинциясынын Ляочэн шаарынын партиялык комитетинин секретары Ли Чанпин жолугушуусу болду.

Жыйындын жүрүшүндө министрдин орун басары А.Үсөнбекова ишкердикти туруктуу өнүктүрүүгө багытталган иштер, бизнес үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди.

Тараптар тажрыйба алмашуу, айыл чарба, машина куруу, билим берүү, медицина тармагында кызматташуу маселелерин карашты. Ошондой эле бар потенциалды белгилешип, мындан аркы кызматташууну талкуулашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу