Министр Д.Амангелдиев Шаньдун провинциясынын Цзинь шаарында ККП шаардык комитетинин катчысы Линь Хунъюй баштаган КЭР делегациясы менен жолугушууда кызматташуунун артыкчылыктуу маселелерин талкуулады.

Новости
07-Сентябрь 2023-ж.
959

2023-жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министр Данияр Амангелдиев Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын Цзинь шаарынан келген  делегациясынын Цзинь шаардык Кытай Коммунисттик партиясынын комитетинин катчысы Линь Хунъюй мырза менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө соода, айыл чарба, транспорт, маданий өнөр жай жана туризм тармагындагы кызматташуунун актуалдуу жана артыкчылыктуу маселелери талкууланды. Тараптар бүгүнкү күндө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана активдештирүү үчүн жакшы шарттар даярдалганын белгилешти.

Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери динамикалуу өнүгүп, эки тараптуу кызматташуунун болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлинде турат. Стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө эки өлкөнүн ортосундагы өз ара ишеним, салттуу достук жана жакшы коңшулук мамилелер шарт түзүүдө.

Кытай Эл Республикасы экономиканын приоритеттүү тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууда өлкөбүзгө олуттуу колдоо көрсөткөн жана негизги соода өнөктөшү болгон соода-экономикалык кызматташуу боюнча биздин маанилүү өнөктөшүбүз болуп саналат.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасы түзүлгөн соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдашышты жана мындан аркы биргелешкен иштерге жана жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу