«Электр транспорт саясаты боюнча билим берүү» кыргыз-корей программасы ишке кирди

Новости
07-Сентябрь 2023-ж.
1173

Транспорттун экологиялык түрүн өнүктүрүү саясаты жаатында тажрыйба алмашууга багытталган “Кыргызстан үчүн электр транспорт саясатында андан ары билим берүү” программасынын ачылыш аземи болуп өттү. Салтанатты KOICA вице-президенти Хонг Сеок Хва жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов ачышты. Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Хонг Со Хва транспорттун экологиялык режимине өтүү маселелеринде кыргыз тараптын умтулуусун колдоого даяр экенин белгиледи.

Министрдин орун басары кореялык тарапка көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул программа Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын электр транспорт саясатын иштеп чыгуу боюнча потенциалын жогорулатууга жардам берерин белгиледи. Кыргызстан көмүртектүү нейтралдуулукка жетүү максатын коюп жатат жана транспорт секторун экологиялык альтернативага айландыруу бул жолдогу чечимдердин бири болот. Белгилүү болгондой, Корея электр транспортун жана ага байланыштуу инфраструктураны ийгиликтүү киргизген дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири, бул жагынан корей тараптын практикалык тажрыйбасы абдан пайдалуу.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар өнөктөш өлкөлөр үчүн KOICA (CIAT) тажрыйбасын жайылтуу боюнча программалардын алкагында кызматташууну бекемдөө маселелерин талкуулашты, ошондой эле Кыргыз Республикасында электр транспортун өнүктүрүү саясатын стимулдаштыруу боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу