Экономика жана коммерция министрлигинде Кытайдын Кызылсуу-Кыргыз автономиялуу округунун делегациясы жана ишкерлери менен тегерек стол болуп өттү

Новости
06-Сентябрь 2023-ж.
1185

2023-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде КРнын КЭРдеги Эличилигинин көмөгү, «Кыргыз почтасы» ААК менен биргеликте, министрдин орун басарлары Айнура Үсөнбекова менен Назарбек Малаевдин катышуусунда КЭРдин СУАР парткомунун секретарынын орун басары — Чжан Чуан башчылык кылган Кызылсуу-Кыргыз автономиялык окргунун делегациясы жана ишкерлери менен тегерек столу болуп өттү.

Бул делегациянын курамында КЭРдин Кызылсуу-Кыргыз автономиялуу обласунун жооптуу кызматкерлери: Абудукадил Маунязи — парткомдун туруктуу комитетинин мүчөсү; Сон Техуи — Эл аралык сооданы өнүктүрүү боюнча Кытай комитетинин секретары; Лю Пэн - өнөр жай жана маалыматташтыруу департаментинин директору; Рон Мин — партиялык топтун мүчөсү жана соода бөлүмүнүн директорунун орун басары; Зоу Йонг - Эркечтам портунун партиялык-өкмөттүк кеңсесинин директору жана кытай тараптан 22 ишкер болду.

Кыргыз тараптан Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын, Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жайынын, Бажы инфраструктурасы мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун негизги максаты - Кыргыз Республикасы менен КЭР СУАР Кызылсуу-Кыргыз автономиялуу округунун ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо, ата мекендик продукцияны эки өлкөнүн рынокторуна жылдыруу.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап акыркы жылдары Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык кыйла жанданганын белгиледи.

Биргелешкен экономикалык жана товардык байланыштарды кийинчерээк чыңдоо үчүн сырьёдон тышкары Кыргыз Республикасы менен КЭРдин ортосундагы товардык структураны кеңейтүү зарыл. Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү аркылуу Кыргыз Республикасынын даяр продукциясынын КЭР рынокторуна чыгышына көмөктөшүү керек. Бул үчүн өлкөдө эң ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого карата либералдык мыйзамдык база түзүлдү. Экономиканын артыкчылыктуу тармактарына инвестиция салган инвесторлорго белгилүү жеңилдиктер жана преференциялар берилет. Фискалдык колдоо чаралары ишмердүүлүктүн конкреттүү багыттары үчүн белгилүү преференцияларды берет, мисалы, ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн сатуудан алынуучу салыктын ставкалары 2%дан 1%га чейин, тигүү өнөр жайынын субъекттери үчүн Бирдиктүү салыктын ставкасы 0,25%га төмөндөтүлгөн.

Кызматташтыктын келечектүү багыттарынын бири акыркы жылдары Кыргыз Республикасында да, КЭРде да сооданын маанилүү сегментине айланган электрондук коммерция болуп саналат.

Ушул жылдын 17-августунан 21-августуна чейинки мезгилде. Кыргыз Республикасы “ЭКСПО Кытай – Евразия продуктылары жана соода-2023” көргөзмөсүнө активдүү катышты. Катышуунун негизги максаты ата мекендик продукцияны Кытай рыногуна жылдыруу болду. Ар түрдүү товарларды экспорттоо боюнча келишимдер ийгиликтүү түзүлдү. Көргөзмөгө бөтөлкөдөгү суу, улуттук суусундуктар, эт жана эт азыктары, балык жана балык азыктары, ошондой эле табигый бал, сүт жана сүт азыктары, кондитердик азыктар, жашылча-жемиштер, дан буурчактары, 200дөн ашык түрлөрү коюлган. ун азыктары, айнек, жун, зер буюмдар, улуттук кийимдер, варенье жана консервалар, кургатылган жемиштер, жашылча консервалары, спирт ичимдиктери, колго жасалган, сувенирлер жана башка ата мекендик товарлар коюлган болчу. Бул олуттуу макулдашуулар жана келишимдер Кыргыз Республикасынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана дүйнөлүк рынокто өзүнүн позициясын бекемдөөгө умтулуусун тастыктайт.

2023-жылдын январь-май айларында Кыргыз Республикасынын Кытай менен соода жүгүртүүсү 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27,0%га көбөйүп, 1 780,5 млн АКШ долларын түзгөн, импорт – 1757,8 млн доллар (27,1%га өсүү), экспорт 22,7 млн долларды түзүп, 16,3%га өскөн.

Кытай тарап КЭР СУАРдын Кызылсуу-Кыргыз автономиялуу округунун чек ара пошлинасы жок зонасында соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жарыялады, ал жерден жергиликтүү тургундар кыргызстандык экспортерлордон суткасына адамга 8 миң юань өлчөмүндөгү алым төлөбөстөн продукцияларды сатып ала алышат. 

Тегерек столдун жыйынтыгында Тараптар жакын арада Кытайдын СУАР рыногуна чыгуу үчүн кыргызстандык экспортерлор менен тиешелүү консультацияларды жүргүзүү үчүн жумушчу топ түзүлөт деп макулдашышты.

Ошондой эле B2B форматындагы жолугушуу болуп, анда ишкерлердин тараптары эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо максатында электромобилдерди жана мотороллерлерди чогултуу боюнча биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү, ошондой эле экспорттук жана импорттук операцияларды көбөйтүү боюнча тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу