Экономика жана коммерция министрлигинин башчысы Ирандын элчиси менен жолугушууда соода, айыл чарба, транспорт жана өнөр жай тармагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады

Новости
06-Сентябрь 2023-ж.
1281

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министр Данияр Амангелдиев Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода, айыл чарба, транспорт жана өнөр жай тармагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын калыптанган салттарын сактоонун маанилүүлүгүн жана Иран Ислам Республикасынын ШКУга толук кандуу мүчөлүгүн алуусун эске алуу менен өз ара пайдалуу байланыштарды кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.

Ошондой эле жолугушууда буга чейинки макулдашууларды ишке ашыруу, атап айтканда, Кыргыз-Иран өнүктүрүү фондун түзүү маселеси козголуп, эки өлкөнүн . Кыргыз Республикасы жана Иран Ислам Республикасы (ӨАК) ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 13-жыйынынын алдын ала датасы макулдашылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар болгон потенциалды натыйжалуу пайдаланууга кызыкдар экендиктерин белгилеп, мындан аркы биргелешкен ишке жана жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу