Бажы чөйрөсүндө иш алып барган контролдоочу органдарга жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнө бажы кызматтарын көрсөтүүгө карата маалымдоо жөнүндө

Новости
05-Сентябрь 2023-ж.
1113

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде “Күтүүлөр жана реалдуулук. ЕАЭБ жөнүндө келишимде, эл аралык жана улуттук бажы мыйзамдарында каралган чечимдерди ишке ашырууда бажы иши чөйрөсүндөгү пайдаланылбаган мүмкүнчүлүктөр” аттуу темадагы тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун максаты - контролдоочу органдарга жана бажы чөйрөсүндө иш алып барган бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнө бажы кызматтарын көрсөтүү маселелери боюнча (контролдоочу мамлекеттик органдардын жана тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсү боюнча эл аралык тажрыйбанын негизинде (ТЭИК) коңшу мамлекеттерге (Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан), ошондой эле Грузия жана Европа Биримдигинин өлкөлөрү) маалымат берүү болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:

- КР ЭКМ алдындагы “Бирдиктүү терезе” программалык камсыздоонун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен тышкы соода кызматтарын көрсөтүүдө бажы өкүлдөрүнүн катышуусу;

- коңшу мамлекеттердин (Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан), ошондой эле Грузиянын жана Европа биримдигинин өлкөлөрүнүн мисалдары боюнча бажы кызматтары чөйрөсүндөгү ТЭИК иши жөнүндө аралык отчет. Коңшу өлкөлөрдө, Грузияда жана ЕБде бажы өкүлдөрүнүн – брокерлердин ишинин салыштырма таблицасы;

- жеке бажы өкүлдөрүнүн жана бүтүндөй Ассоциациялардын ТПнын улуттук рейтингдик системасына катышуудан жеңилдиктери (Борбор Азия регионунун Бажы брокерлеринин (өкүлдөрүнүн) ассоциацияларынын жетекчилеринин региондук кеңешинин 2018-жылдыгн 17-майдагы чечими менен бекитилген) ,) АТБ РУз жана АТП РК мисалында;

- Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын ишиндеги процесстерди санариптештирүү.

Талкууларга республиканын министрликтеринин жана ведомстволорунун, эл аралык уюмдардын – өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, бизнес-коомчулуктун, академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү жана Өзбекстан Республикасынын АТБ Кеңешинин жетекчиси, РАТБ Кеңешинин мүчөсү (П ЦАР) катышты. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу