Министр Д. Амангельдиевтин Токмок шаарынын жашоочуларын, кыргызстандыктарды Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Новости
31-Август 2023-ж.
1501

«Урматтуу Токмок шаарынын жашоочулары жана коноктор!

Кымбаттуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан, Экономика жана коммерция министрлигинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан баарыңыздарды өлкөнүн Улуу Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Эгемендигибиз басып өткөн жолубузду: ийгиликтерге кантип жетишкендигибизди, кыйынчылыктарды кантип жеңгенибизди, жаркын келечек курууга багыт алганыбызды эскертип турат. Бул мезгил аралыгында бир топ оош-кыйыш окуяларды баштан кечирип, кетирген каталардан утур сабак алып, улам такшалып олтуруп, ийгиликке жетүү үчүн илим, билим, мыкты тажрыйба, чечкиндүүлүк жана саясий эрк керек экенине ынандык. Азыр бизде аталган сапаттардын баары жетиштүү. 

Кыргызстан көптөгөн саясий, экономикалык жана маданий агымдардын кесилишинде турат. Биздин приоритетибиз – коңшу мамлекеттер менен өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү болуп эсептелет. Биз аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту ар дайым жактап келгенбиз. Чыр-чатактарды жөнгө салууга жана тынчтыкты сактоого багытталган эл аралык демилгелерге жигердүү катышууга даярбыз.

Коомубуздун маанилүү жана ажырагыс бөлүгү болуп этностор аралык ынтымак саналат. Биздин жалпы милдетибиз – бул баа жеткис байлыкты сактоо жана өнүктүрүү! 

Маданиятыбыз жана каада-салттарыбыз канчалык түрдүү болбосун, биз, баарыбыз – Кыргызстандын атуулубуз, кыргыз жараныбыз. Бул жалпы иденттүүлүк бизди бириктирип турат. Жалпы кызыкчылыкты, бир максатты көздөгөндө гана жаркын келечек кура алабыз.

Акыркы эки жылда эбегейсиз зор иштер жасалды, кыялдар орундала тургандыгын далилдедик. Ондогон жылдар бою кыял болуп, кагаз жүзүндө гана чагылдырылган ири долбоорлорду ишке киргизе алдык. “Кумтөр” алтын кени кайтарылып, Мурда Кумтөрдөн 10% пайда көрсөк, азыр 100%, 1,5 млрд. долл өндүрүш колдо турат, токтобой иштеп жатат. Улуттук банкта 50 тоннадан ашык алтыныбыз бар. Мындан ары бизди эч ким тышкы карыз менен коркута албайт! Тышкы карызда Кумтөр – жеңиштүү ресурс! Биз өндүрүштү жандандырдык. 

Ошентип өлкө экономикасы калыптана баштады, эмгек акынын, инвестиция агымдарынын өсүшүнөн, жумушсуздуктун азайышынан, бизнес чөйрөсүнүн өсүү темпинен көрүнүп турат.

Ал ички дүң продукциянын акыркы 2 жылда экономикада өнүгүүлөр башталды. ИДПнын номиналдык көлөмү 2022-жылы 919,4 млрд сомду, же өсүш 107%ды түздү, кошуна жана ЕАЭС өлкөлөрүндөгү эң алдыңкы көрсөткүч болду. ИДП 10 жылда (2010-2020) 381 млрд сомго өссө, эки жылда 317,6 млрд сомго өстү. Быйыл 1 трлндон ашат. 

Консолидацияланган бюджет былтыр 442,8 млрд. сом болду, быйыл 557,5 млрд. сом болот, 2020-жылга салыштырмалуу өсүш 309,7 млрд. сом, же 224,5%га көбөйдү. Салык кызматы-былтыр154,6 млрд. сом, же такталган планга карата 100,4%ды, эки жылда 260%га өсүштү түздү. Быйыл 196,1 млрд. сом чогултат, же 112 млрд. сомго көп. 2020-жылы 79 млрд сом салык чогулган. Азыр январь-июль айынын ичинде 99,2 млрд. сомду чогултуп коюшту. 2005-жылга чейин салык кирешелер 5,9 млрд. сомго араң жеткен. 100 млрд. сомдук чекти эч ким ашкан эмес. Биз 2 жылда 2 жолу аштык! 

Бажы кызматы, эки жылдагы өсүш 260%га чыкты. Быйыл 94,6 млрд. сомду чогултабыз деп жатат. Азыр январь-июлдун жыйынтыгы боюнча 59 млрд. сомду чогултуп коюшту.

Табылган акчаны биринчи – элге жумшадык: Жөлөкпулдарды көбөйттүк, аны 487 миң адам алат. Анын ичинде: ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердикин 8 миң сомго, тоголок жетим балдардыкын 6000 сомго, “үй-бүлөгө көмөктү” 1 200 сомго көбөйттүк.

Пенсияга 3500 сомго чейин кошулду. Эсептеп көрүңүздөр, бизде 765,6 миң адам пенсионер бар. 1-октябрдан дагы көбөйөт.

360 миң бюджетте иштегендердин айлыктарын 2-3 эсеге көтөрдүк. 1-сентябрдан директорлордун, Административдик-чарбалык бөлүмдөрдөн башка бардык завучтардын айлыктарын 50%га көтөрдүк.

Булардан тышкары каражатты дагы кайда жумшадык? 

экономикага акча салбасак, өнүгүү болбойт. Банктарды финансылык жактан күчтөдүк. Өнүгүү фонддорун түздүк. 

айыл чарбасына ири суммадагы каражаттарды бөлдүк.

энергетикада ири долбоорлорду баштадык: Камбар-Ата – 1 ГЭС, Камбар-Ата-2, Казарман, Сары-Жаз, Чаткал, Куланак, ГЭСтеринин курулушу башталды. Азыр бюджетибиз 6,4 млрд долл жетти, биз ушул темп менен кетсек, наркы 7 млрд долл түзгөн Камбар-Ата ГЭСин сөзсүз өз күчүбүз менен кура алабыз.

Жалпы миң мегаваттык 30 чакан ГЭС башталды. Тору-Айгырда күн, Балыкчыда шамал станциялары башталды.быйыл 173 Мвт кубаттуулук ишке кирет.

Транспорт жаатында Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун өз каражатыбызга салып баштадык. “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу – мега долбоорлордун бири. Кыргызстандын ар бир айылына асфальт барат. Аэропорттор оңолот.

Өлкөдө былтыр 17 млрд. сомдук курулуштар жүрдү. Быйыл масштабдуу 501 объектте 10 млрд сомдон ашык курулуштар болуп жатат. Быйыл 141 объект ишке кирет. Жакынкы 2-3 жылда баары жаңыланат: вагондо, чатырда окуган мектеп калбайт. 204 мектептин ичинен быйыл 100 мектеп бүтөт. Былтыр АРИС, Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу 96 айылга таза суу кирди.

Баткенди 2 жолу убагында калыбына келтирдик. 2-3 айда 420 үйдү өз каражатыбызга салып бердик. Караколго, Жалал-Абадга, Нарынга млрд.даган каражаттарды бердик. Кийинки жылдары Кара-Балта, Токмокко бөлөбүз. Биз Асман шаарын курабыз. Аман болсоңуздар, аны баарыңыздар көрөсүздөр.

Мамлекеттик ипотекалык үйлөр салына баштады. 2026-жылга чейин 25 миң жаранга ипотека боюнча үй берилет. Жаңы конуштарда үйлөрүнө документ ала албай жүргөн 100 миңге жакын үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнүн документтерин чечип жатабыз: тех паспорт, кызыл китептер берилип жатат. 

Булардан тышкары каражатты күч блогуна, коргонуу-коргоо коопсуздугуна жумшадык. Техникаларды жаңырттык. 

Биз келечекке оптимизм жана үмүт менен карайбыз. Кудай буюрса, биринчи кезекте экономикалык туруктуулукту, ар тараптуу жана туруктуу өсүштү мындан ары дагы бекемдейбиз. Келечектүү тармактарга инвестицияларды тартуу, чакан жана орто бизнести колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иштер мындан ары да күчөтүлөт. Билим менен илимди өнүктүрүүгө мындан ары да басым жасалат. Маданиятыбызга мындан дагы жакшы көңүл бурулат. Илимий изилдөөлөрдү, инновацияларды жана технологияларды өнүктүрүүнү колдоо аркылуу ар бир жараныбыздын тез өзгөрүп жаткан заманда атаандаштыкка жөндөмдүү болушун камсыз кылуу аракетиндебиз. 

Биздин максат – бардык жарандардын татыктуу келечегин камсыз кылуу!

Биз сиздер менен чогуу өнүккөн Кыргызстанды курабыз!

Ардактуу мекендештер!

Эркиндикти кылымдар бою аздектеп келген элдин урпактары катары Эгемендигибизди чыңдоо – ар бирибиздин ыйык милдетибиз экенин сезип-туя билели!

Эркиндиктин эн тамгасы болгон байрагыбыз бийик желбирей берсин!

Дагы бир жолу бардыгыңыздарды улуттук башкы майрам – Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм! Жалпы элибизге тынчтык жана ынтымак, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм!»

Урматоо менен,

Министр                                                              Д.Дж.Амангельдиев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу