Кыргыз-британ мамилелеринин мындан аркы прогрессивдүү жана жемиштүү өнүгүшү жөнүндө

Новости
30-Август 2023-ж.
1448

2023-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулер мырза менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер прогрессивдүү жана конструктивдүү өнүгүп жатканы, ошондой эле Кыргыз Республикасы эки тараптуу экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө маани берери айтылды.

Буга байланыштуу министр Д.Амангелдиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жалпысынан инвестициялык климатты, жеке секторду жакшыртууга, административдик чектөөлөрдү жоюуга, инвесторлор үчүн тоскоолдуктарды кыскартууга жана ишкердикти жөнгө салган мыйзамдарды өркүндөтүүгө чоң көңүл буруп жатканын билдирди.

Буга байланыштуу эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты түзүү аркылуу эки тараптуу сооданы көбөйтүү боюнча чараларды көрүү зарылчылыгы белгиленди.

Ошону менен бирге, кызматташуунун артыкчылыктуу секторлору талкууланды, мисалы, тоо-кен өнөр жайы, энергетика, каржылык жана билим берүү кызматтары, технология, кайра жаралуучу энергия боюнча Улуу Британия өзгөчө артыкчылыкка ээ болгон талашсыз лидер.

Ошол эле учурда элчи мырза келерки жылы кичи жана орто бизнести колдоо программасын ишке киргизүү пландалганын, ал учурда иштелип жатканын билдирди.

Министр өз кезегинде бул багытта кызматташууга даяр экенин билдирип, учурда аялдардын ишкердигин колдоо программасы иштелип чыкканын, ал өлкөнүн аймактарында иш менен камсыз кылууну камсыздай турганын айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-британ мамилелери мындан ары да прогрессивдүү жана жемиштүү өнүгө берерине ишеним артышты

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу