КР Экономика министрлигинин кызматкерлери Алматы шаарындагы логистикалык борборлор менен таанышты

Новости
25-Август 2023-ж.
1833

2023-жылдын 22-24 августуна чейинки мезгилде Казакстан Республикасынын Алма-Ата шаарында "ЭКОВИС ИНТЕРНЕШНЛ" ЖЧК компаниясынын чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин кызматкерлери логистикалык борборлорду түзүү жана жүктөрдү сактоо жана ташуу борборлорун жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо боюнча конференцияга «HYUNDAI Corporation» (Казакстан Республикасы), «HD HYUNDAI Infracore», «ЭКОВИС ИНТЕРНЕШНЛ» (Түштүк Корея) компанияларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен катышышты.

"ЭКОВИС ИНТЕРНЕШНЛ" ЖЧКнын иши менен таанышуу максатында (А жана В классындагы) «Samsung Electronics» жана «LG Electronics» компанияларынын кампа жайларына барышты. Компаниянын өкүлдөрү презентация жасап, кампаларды башкаруу, жүктөрдү жеткирүү жана аны коштогон операциялар боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Бул долбоордун алкагында ошондой эле "ЭКОВИС ИНТЕРНЕШНЛ" компаниясы менен "Профи Центр" ЖЧКнын (Кыргыз Республикасы) ортосунда «Samsung Electronics»  компаниясынын комплекттөөчү жана запастык бөлүктөрүн жана «LG Electronics» компаниясынын даяр продукциясын (телевизорлор, муздаткычтар, микротолкундуу мештер, чаң соргучтар, кир жуугуч машиналар ж.б.) түз жеткирүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында А классындагы кампаны ачуу жана куруу ниеттери жөнүндө меморандумга кол коюлду.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу