Министр О. Панкратов Астана шаарындагы Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынынын ишине катышат

Новости
13-Октябрь 2015-ж.
2108

2015-жылдын 14-15-октябрында Казакстан Республикасынын (РК) Астана шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши болуп өтөт. Бул жыйындын ишине Кыргыз Республикасынын (КР) Экономика министри Олег Панкратов катышат.

ЕЭК жыйынынын күн тартибине 30 маселе киргизилген:

1. Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) чечими жөнүндө

ЕЭК Коллегиясынын сандык курамы жөнүндө”. Докладчик – В.Б. Христенко

2. ЖЕЭК чечиминин долбоору жөнүндө Евразия экономикалык бирлигинин органдарындагы тышкы аудит (контроль) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”. Докладчик – Е.М. Шипилева.

3. ЖЕЭК чечиминин долбоору жөнүндө ЕЭКтин иш регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”.

4. ЖЕЭК чечиминин долбоору жөнүндө Орто мөөнөттүк келечекке ЕАЭБ негизги өнөктөштөрү менен соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө мамилелер жөнүндө”.

5. РКнын Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) кошулуусуна байланыштуу бир нече маселелер жөнүндө. 3-5-маселелер боюнча докладчик – А.А.Слепнев.

6. ЖЕЭК чечиминин долбоору жөнүндө ЕАЭБ алкактарында кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү рыногу иштеген кызмат көрсөтүүлөрдүн секторлорунун (алдындагы секторлор) тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

7. ЖЕЭК чечиминин долбоору жөнүндө 2014-жылдын 23-декабрындагы №112 ЖЕЭК чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”. 6-7-маселелер боюнча докладчик – Т.М. Сулейменов.

8. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар чөйрөсүндө улуттук режимден мүчө-мамлекеттердин алууларын аныктоо тууралуу акттарды кабыл алуу, мындай акттарды жокко чыгаруу маселелери боюнча мүчө-мамлекеттердин кайрылуулары, ошондой эле мындай акттарды жокко чыгаруунун зарылдыгы жөнүндө чечимдерди Комиссиянын кабыл алуусу жөнүндө билдирүүлөрүн ЕЭК карап чыгуу тартибин бекитүү тууралуу. Докладчик – Н.Ш. Алдабергенов.

9. 2015- 2016-жылдарга ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларынын тизмеги жөнүндө. Докладчик – Т.Д. Валовая.

10. 2013-жылга карата айыл чарбасынын мамлекеттик колдоо жөнүндө маалымат берүү боюнча Казакстан Республикасынын милдеттерин аткарбагандыгы жөнүндө.

11. Моторлуу транспорт каражаттарынын айрым категорияларынын жүгүртүүсүн башкаруу тууралуу. 10- 11-маселелер боюнча докладчик – С.С.Сидорский

12. ЕАЭБ алкактарында газ, мунай жана мунайзат продукттарынын индикативдүү (болжолдуу) баланстарын түзүүнүн методологиясы жөнүндө Макулдашуунун долбоору жөнүндө. Докладчик – Т.А. Мансуров.

13. ЕЭК Коллегиясы Коллегиянын же ЕЭК Кеңешинин чечимин кабыл алардын алдында Техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча консультациялык комитеттин алкагында консультация жүргүзүүгө милдеттүү болгон маселелердин тизмегин бекитүү тууралуу.

14. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча пункттарды материалдык-техникалык жабдуу жана ыңгайлаштыруу (посттордун фитосанитардык контролу) талаптарын бекитүү жана Бажы биримдигинин тышкы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында ишке ашырылуучу чек аралык, бажылык, санитардык-карантиндик, ветеринардык, карантиндик фитосанитардык жана транспорттук контролдоону уюштуруу үчүн зарыл болгон имараттарды, жайларды жана курулмаларды жабдууга жана материалдык-техникалык жабдууга Бирдиктүү типтүү талаптарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу.

15. ЕАЭБ алкактарында милдеттүү талаптар белгиленген продукциянын бирдиктүү тизмегин түзүү жана киргизүү тартиби жөнүндө

16. Бажы биримдигинин комиссиясынын 2011-жылдын 9-декабрындагы Бажы биримдигинин техникалык регламентин кабыл алуу жөнүндө Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” № 877 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

17. Химиялык продукциялардын коопсуздук чөйрөсүндөгү ЕАЭБ техникалык регламенттерин кабыл алууга даярдыктын жүрүшү жөнүндө

18. Дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2014-жылдын 23-декабрындагы ЕАЭБ алкактарында Медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууну ишке ашырууга багытталган акттарды ЕЭК кароосуна иштеп чыгуунун жана даярдоонун жүрүшү жөнүндө.

19. 2014-жылдын 15-августундагы Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын, техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формасын киргизүү жана электрондук паспорттордун тутумдарын уюштуруу жөнүндө макулдашууга Армения Республикасынын кошулушу тууралуу протоколго кол коюу жөнүндө. 13- 19-суроолор боюнча докладчик - В.Н.Корешков.

20. 2010-жылдын 18-июнундагы Жеке жактар тарабынан өздүк колдонуу үчүн товарларды Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүнүн жана аларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдордун долбоорлору жөнүндө.

21. ЕЭК Кеңешинин Чет өлкөлүк товарларды пайдалануу менен даярдалган (алынган), эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболоруна же эркин кампа бажы жол-жоболоруна коюлган товарларды ЕАЭБ товары катары таанууга жетиштүү болгон өндүрүштүк жана технологиялык операциялардын шарттарынын тизмесин бекитүү тууралуу” чечиминин долбоорун толук иштеп чыгуудагы мамилелер жөнүндө.

22. ЕАЭБ Бажы кодексинин долбоорунун үстүндө иштөөнүн жүрүшү жөнүндө. 20- 22-маселелер боюнча докладчик - В.А. Гошин.

23. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин эмгекчилеринин пенсиялык камсыздандыруусу жөнүндө келишимдин долбоору жөнүндө. Докладчик – Т.М. Сулейменов.

24. ЖЕЭК жыйынынын күн тартибинин долбоору жөнүндө. Докладчик – В.Б. Христенко.

25. ЕЭК кезектеги жыйынын өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө. Докладчик – В.С. Матюшевский.

Кошумча маселелер:

26. Армян Республикасынын жана башка Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык даярдалган электрондук санариптик кол коюуларды ЕАЭБдин 2014-жылдын 29-майындагы №25 тиркемесин аткаруу максатында өз ара таануу жөнүндө. Докладчик – Армян тараптын өкүлү.

27. ЕАЭБ менен Жибек жолунун Экономикалык алкагынын кошулуу маселелери боюнча ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин иш-аракеттерин координациялоо жөнүндө. Докладчик – Россия тараптын өкүлү.

28. 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө Келишимге №18 Товарларды экспорттоо жана импорттоодо, иштерди аткарууда, кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды салууну жана алардын төлөнүшүн контролдоо тартиби жөнүндө протоколуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” ЖЕЭК чечиминин долбоору жөнүндө. Докладчик – представитель Армянской стороны.

29. 2015-жылдын 6-октябрындагы ЕЭК Коллегиясынын 2015 жана 2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын аймагына айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн алып келүүгө тарифтик квоталардын көлөмүн аныктоо тууралуу” № 134 Чечиминин күчүнө кирүү мөөнөттөрү жөнүндө. Докладчик – Кыргыз тараптын өкүлү.

30. Евразиялык өкмөт аралык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө Келишимге Өнөр жай субсидияларын берүүнүн бирдиктүү тартиби жөнүндө протокол” №28 тиркемесинин жоболору колдонулбаган чараларга карата чара колдонуунун бир кыйла маселелери жөнүндө” чечиминин долбоору жөнүндө. Докладчик – Казакстан тарптын өкүлү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу