Улуттук стандартташтыруу системасын өнүктүрүү жөнүндө

Новости
25-Август 2023-ж.
1646

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдында түзүлгөн жумушчу топ Кыргыз Республикасынын “Стандартташтыруу жөнүндө” Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда.

 Бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук стандартташтыруу системасын мыкты эл аралык тажрыйбага ылайык өнүктүрүү, стандарттардын ролун жана маанисин жогорулатуу максатында иштелип чыгууда жана стандартташтыруу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылууга багытталган.

 Мыйзам долбоору алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук стандартташтыруу системасынын ар бир катышуучусунун ролу жана функциялары  аныкталган.

Негизги роль Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу боюнча Улуттук органы – Кыргызстандартка жүктөлгөн, ал баардык стандартташтыруу процесстерин координациялоого жана баардык кызыкдар тараптардын консенсус жана тең укуктуулук принцибинин негизинде стандарттарды кабыл алуу үчүн шарттарды түзүүгө тийиш.

 Мыйзам ошондой эле продукциянын (товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) шайкештиги жөнүндө ачык билдирүү жасаган учурда өндүрүүчүнүн жоопкерчилигин жогорулатат.

 Белгилей кетсек, “Стандартташтыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы – өлкөдө өндүрүлүп жаткан продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу