КР Экономикалык коммерция министрлигинин башчысынын орун басары Кытай ишканаларын чет өлкөлөрдө өнүктүрүү ассоциациясынын президенти менен жолугушууда соода-инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Новости
25-Август 2023-ж.
2228

2023-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов чет өлкөлөрдөгү кытайлык ишканаларды өнүктүрүү  ассоциациянын  президенти Хэ Чжэнвэй мырза   менен жолугушту.

Тараптар кытайлык ишканалардын Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуусу, тыгыз байланыштарды түзүү, үзгүлтүксүз сапарларды жана жолугушууларды уюштуруу, ошондой эле соода-инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ыкчам өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Министрдин орун басары бардык деңгээлдеги кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүнүн жогорку динамикасын белгилеп, жеңил өнөр жай, өндүрүш, энергетика, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, туризм жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Ассоциациянын президенти инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн камтуу үчүн өнөр жай кооперациясынын механизмин колдонууну, инвестициялык форумдарды жана өз ара көргөзмөлөргө катышууну сунуштады.

Тараптар кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтыгын мындан ары прогрессивдүү жана жемиштүү өнүктүрүү максатында тыгыз кызматташууну бекемдөөгө макулдашышты.

Онлайн кайрылуу