Үрүмчү шаарында өтүп жаткан «Кытай – Евразия ЭКСПО товарлары жана соода-2023» көргөзмө-жарманкесине КР 100дөн ашык бизнес өкүлдөрү катышып, продукциянын 200дөн ашык түрү коюлган

Новости
20-Август 2023-ж.
1298

Ушул күндөрү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2023-жылдын 21-августуна чейин Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарында өтө турган “Кытай – Евразия ЭКСПО товарлары жана соода-2023” көргөзмө-иш-чарасына кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн катышуусун уюштурууда, анда Кыргыз Республикасынын бизнесинин 100дөн ашык өкүлдөрү бар. Көргөзмөдө 200дөн ашык продукциянын түрлөрү көрсөтүлөт, мисалы:

- бөтөлкөдөгү суу жана улуттук суусундуктар;

- балык, балык азыктары;

- сүт жана сүт азыктары;

-  кондитер азыктары;

- жашылчалар жана жемиштер;

- буурчак өсүмдүктөрү;

- ун азыктары;

- айнек;

- жүн;

- зергер буюмдары;

- улуттук кийимдер;

- табигый бал;

- джемдер жана консервалар;

- кургатылган жемиштер;

- консерваланган жашылчалар;

- алкоголдук ичимдиктер;

- хенд мейддер ;

- сувенирлер жана башка ата мекендик товарлар.


Кыргыз павильонунун ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров катышты.


Бул көргөзмөнүн жүрүшүндө иш-чаранын уюштуруучулары жана коноктору Кыргыз Республикасынын энергетика жана туризм тармагындагы келечектүү инвестициялык долбоорлору боюнча өлкөбүз тууралуу презентация, ошондой эле Кыргыз Республикасынын продукциялары жөнүндө видеороликтердин демонстрациясы өтүп жаткан кыргыз павильонуна чоң кызыгуу жаратты. эң негизгиси улуттук буюмдар менен улуттук павильондо бардык конокторду даамдуу тамактар менен тосуп алышты.


Ошондой эле чет элдиктер жана павильонубуздун коноктору биздин продукциянын сапатына таң калып, кызыгуу менен сынап көрүштү.


Маалымат иретинде:

EXPO China-Eurasia Goods and Trade 2023 көргөзмөсү Кытайдын Үрүмчү шаарында 2023-жылдын 17-августунан 21-августуна чейин өтөт. Кытай эл аралык жарманкеси үч жолу ийгиликтүү өтүп, жемиштүү жыйынтыктарга жетишти.

Көргөзмөгө 46 өлкөдөн жана региондордон жана 31 провинциядан, автономиялуу аймактардан жана муниципалитеттерден 3700дөн ашык компания катышып, сатып алуучулардын саны 32 миңден ашты.

Экономика, соода, энергетика, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда 50дөн ашык форумдар жана атайын иш-чаралар өткөрүлдү, келишимдин жалпы суммасы 487,332 миллиард юанды түздү.

ЭКСПО Кытай-Евразия Кытай менен коңшу мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын маанилүү каналы жана Жибек жолунун экономикалык алкагынын маанилүү транспорттук түйүнү болуп калды.

Онлайн кайрылуу