КР Министрлер Кабинети менен КЭР СУАР Элдик Өкмөтүнүн ортосунда эки өлкөнүн почта байланышынын кызматташтыгын кеңейтүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Новости
17-Август 2023-ж.
1422

2023-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, СУАР Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен эл аралык почта жана эл аралык электрондук сооданын товарларын ташуу үчүн чек аралык көзөмөлдөө процессин тездетүү максатында Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинети  менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Элдик Өкмөтүнүн ортосундагы  Почтаны тездетип өткөрүүнү  активдештирүү жана  трансчек аралык электрондук сооданы өнүктүрүү   үчүн   эки мамлекеттин почта  жаатындагы кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

Кыргыз тараптан Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев кол койду.

Макулдашуунун максаттары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу жана тең укуктуулук принциптеринин негизинде экономикалык кызматташтыгына көмөктөшүү, сооданы ар тараптуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу эл аралык почта жөнөтүүлөрүн жана трансчек аралык электрондук коммерция товарларын ташуу жана өткөрүүнү тездетүү максатында Тараптар  “Почтаны тез өткөрүү методу” аныкташат.

 “Почтаны тез өткөрүү методу” – “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун эл аралык почта алмашуу жеринен” “Кытай Эл Республикасынын Синцзян-Уйгур автономиялуу районунун “Кашгар” эркин экономикалык зонасынын аймагындагы “Кытай почтасы” эл аралык почта алмашуу жерине” чейин жана кайра бери карай маршруту боюнча чек ара аркылуу эл аралык почта жиберүүлөрдү камсыз кылат.

Тараптар почта жөнөтүүлөрүн кабыл алуу, жөнөтүүнү иштетүү процесстерин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн ЭПАЖды, алмашуу пункттарын, ошондой эле башка базалык инфраструктуралык мекемелерди түзүүнү колдойт.

Бул Макулдашуу Кытай Эл Республикасы чек арадагы электрондук коммерцияны өнүктүрүүдө олуттуу прогресске жетишкенин жана баалуу тажрыйбаны жана билимди топтогондугун эске алуу менен, электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча КЭР менен биргелешкен иштин келечегин ачат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу