Тамак-аш коопсуздугунун көрсөткүчтөрүн текшерүү боюнча лабораториялар жүргүзгөн айыл чарба продукциясынын түрлөрүн экспорттоо боюнча артыкчылыктар талкууланды

Новости
15-Август 2023-ж.
1259

2023-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Чыңгыз Макешовдун катышуусунда “Кошумча нарк чынжырлары жана программанын негизги компоненттери үчүн агрофинансылоо” улуттук сапат инфраструктурасынын катышуучулары программасынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Бул Программанын алкагында айыл чарба өндүрүшүнүн алдыңкы технологияларын киргизүүнү колдоо, айыл чарба продукциясынын өндүрүмдүүлүгүн, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу үчүн кошумча нарк чынжырынын операторлоруна жана сыноо лабораторияларына техникалык жардам көрсөтүлөт.

Сыноо лабораторияларына карата максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында “бир программага катышуу = бир аныкталган көрсөткүч” ыкмасын кабыл алуу каралууда, б.а. техникалык жардамдын жыйынтыгы боюнча сыноо лабораториясы аккредитациялоо жаатындагы аккредиттелген көрсөткүч болуп саналат.

Жыйында азык-түлүк коопсуздугунун көрсөткүчтөрүн текшерүү боюнча лабораториялар жүргүзгөн экспортко чыгуучу айыл чарба продукциясынын артыкчылыктуу түрлөрү талкууланды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу