Урматтуу жарандар, кассалык чек талап кылып, экономиканын көмүскө секторун ачыкка чыгарууга кошулуңуздар

Новости
15-Август 2023-ж.
1899

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция Министрлиги , КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22февралындагы тескемесин ишке ашыруунун алкагында Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясын өткөрүүну маалымдайт.

2023-жылы лотереянын утушу эки этапта өтүүдө. Биринчи этабы 26июндан 1-июлга чейин өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 1183 баалуу байгенин, анын ичинде 10 электромобиль жана Дубайга эки кишилик 3 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталган.  

Ал эми утуштун экинчи этабы 25-декабрдан 30-декабрга чейин болот, анда 1244 баалуу байге ойнотулат, анын ичинде 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 21 фен. 

Лотереянын максаты – калктын салык маданиятын калыптандыруу, жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу, ишкерлер тарабынан контролдуккассалык машиналарды колдонуусуна коомдук контролду күчөтүү. 

Бул акциянын алкагында Салык кызматы жарандарды лотереяга катышууга үндөп, товар же кызмат сатып алууда кассалык чектерди талап кылуунун зарылдыгын түшүндүрүүдө. 

Мамлекеттик деңгээлде өтүп жаткан лотерея өнөктүгүнө жарандарды кеңири масштабда тартууга ар бир мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын колдоосу керек.  

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын ар бир кызматкери: 

- товар же кызмат сатып алууда милдеттүү түрдө кассалык чекти талап кылып тургула; 

- "Салык чек" тиркемесин жүктөп, лотереяга катышышкыла; 

Урматтуу жарандар, кассалык чек талап кылып, экономиканын көмүскө секторун ачыкка чыгарууга кошулуңуздар! 

Салык кызматынын лотереясына катышып, баалуу белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүн өткөрүп жибербеңиз. 

Товарларды же кызматтарды сатып алууда алынган кассалык чектерди «Салык чек» тиркемесинен сканерден өткөрүңүз.  

Толук маалыматты lottery.salyk.kg сайтынан алууга болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу