2023-жылдын январь-июнь айларындагы Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасы

Новости
14-Август 2023-ж.
3125

КР УСКнын алдын ала маалыматы боюнча 2023-жылдын январь-июнь айларында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 6705,5 млн АКШ долларын түзүп, 2022-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 31,1%га өскөн.

Кыргыз Республикасынын экспорту 1306,7 млн долларды түздү  жана 34,6%га же 336,2 млн. долларга көбөйгөн

Кыргыз Республикасынын импорту 5398,8 млн долларды түздү  2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,3%га же 1256,2 млн долларга көбөйгөн.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасы 1995,7 млн долларды түздү кошо алганда, 6,6%га азайган. экспорт 0,4%га өссө, импорт 9,5%га кыскарган.

Республиканын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соода 29,8%ды, анын ичинде экспортто 48,9%ды, импортто 25,1%ды түздү.

Кыргыз Республикасынын үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соодасы 4709,8 млн долларды түздү. жана дээрлик 1,6 эсе кебейду.

Республиканын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө үчүнчү өлкөлөрдүн үлүшү 70,2%ды, анын ичинде экспортто 51,1%, импортто 74,9%ды түздү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу