“Өкмөттүн акселераторлору” программасын ишке ашырууга кошкон салымдары үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө

Новости
10-Август 2023-ж.
1434

2023-жылдын 9-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында Реформаларды даярдоо боюнча комитеттин (мындан ары - Комитет) өнөктөш өлкөлөр менен тышкы экономикалык кызматташтыктын алкагында өттү, анда «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын чакырыктарынын биринчи тобунун 100 күндүк ишинин жыйынтыгы чыгарылды 

Комитеттин отурумунда үч маселенин ишинин жыйынтыгы чыгарылды:

- «Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу».

- «Кыргыз Республикасында электромобилдер үчүн электр станцияларын түзүүгө уруксат алууну жөнөкөйлөтүү».

- «Экспертизадан, кайра экспертизадан өтүүнүн, майыптык фактысын белгилөөнүн тартибин жөнөкөйлөтүү».

Министрлер Кабинетинин башчысы “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын милдеттеринин биринчи тобу боюнча тапшырмалар аткарылганын белгиледи.

Кыргыз Республикасында реформанын жаңы инструменттерин ишке ашырууга кошкон ийгиликтүү салымы үчүн өлкөнүн Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан ведомстволор аралык жумушчу топтордун мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирилди. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммеррция министрлигинин кызматкерлерине ыраазычылык билдирилди:

- Кыргыз Республикасынын Президентинен:

Сейитов Чоро Сейитович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары;

- Үсөнбекова Айнура Доктурбаевна - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынан:

- Уметалиев Нурбек Сейдакматович - Ишкердикти өнүктүрүү жана жөнгө салуу таасирин талдоо бөлүмүнүн башчысы;

- Ашыров Эрмек Анарбекович - стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгынын стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башчысы;

- Джунушев Мирлан Шамильевич - стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгынын стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башкы адиси.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 17-мартында «Өкмөттүк акселераторлор» программасы ишке кирип, ал үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу, электромобилдерди кубаттоочу станцияларды орнотуу жана майыптык фактысын аныктоо боюнча иш алып барган ведомстволор аралык жумушчу топтор түзүлгөн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу