Сертификаттоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн тастыктоо тууралуу

Новости
07-Август 2023-ж.
1374

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 107 «Сертификациялоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго), сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоочу органга талаптарды, алардын компетенттүүлүгүн ырастоо, сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргызстандарт бир катар уюмдардын эксперттеринин компетенттүүлүгүн тастыктоо процедураларын өткөрдү..

Компетенттүүлүк сертификаттарын төмөнкү органдын эксперттери алышты:

- «Нукура Серт» ЖЧКсы;

- Ош сыноо, сертификаттоо жана метрология борбору;

- «Курулушсертификаттоо» республикалык борбору.

Эксперттердин компетенттүүлүгүн тастыктоого Кыргызстандарт ыйгарым укуктуу орган катары төмөнкүлөрдү сунуштайт:

- Берилген Сертификатты компетенттүүлүк сертификатында аныкталган чөйрөдө гана колдонууга;

- Сертификатты сертификациялоо боюнча органга доо кетире тургандай пайдаланбоо, ошондой эле сертификациялоо боюнча орган адаштыруучу же уруксатсыз деп эсептей турган сертификацияга байланыштуу билдирүүлөрдү жасабоого;

- Сертификаттын жарактуулугу убактылуу токтотулгандан же жокко чыгарылгандан кийин сертификаттоо боюнча сертификацияланган органдын адиси катары өзүнүн статусу жөнүндө маалыматты пайдаланууну токтотууга, ошондой эле бардык берилген сертификаттарды сертификаттоо боюнча органга кайтарып берүүгө милдеттүү.

- Эксперттердин компетенттүүлүгүн тастыктоо «Техникалык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин талаптарын аткаруу үчүн зарыл.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу