Салык жана бажы мыйзам чыгаруу чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө

Новости
07-Август 2023-ж.
1387

Бишкекте АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен “Бизнеске көмөктөшүү жана диалог аркылуу ишкердикти кеңейтүү” долбоорунун алкагында салык жана бажы мыйзамдары жаатындагы маселелерди талкуулоо боюнча жумушчу жыйын болуп өттү.

Иш-чарага ар кандай мамлекеттик органдардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Мамлекеттик бажы кызматынын, Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Жумушчу жолугушуунун негизги максаты салыктык башкаруу жана бажылык башкаруудагы санариптик трансформацияга байланыштуу маселелерди талкуулоо жана чечүү үчүн ачык аянтчаны түзүү болду.

КР Экономика жана коммерциялык министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков салык реформалары, анын ичинде “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамына токтолуп, баяндама жасады. Бул мыйзам Президенттин 2021-жылдын 2-декабрындагы жана 2022-жылдын 26-июлундагы чакан ишкерликтин субъекттерин колдоо жана жагымдуу салыктык климатты түзүүгө багытталган Жарлыктарын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Бул мыйзамдын негизги багыттары: бирдиктүү салык режимин кеңейтүү, бизнестин ар кандай түрлөрү үчүн бирдиктүү салыктын ар кандай ставкаларын белгилөө, туризм индустриясы жана чыгармачыл экономика ишканалары үчүн бирдиктүү салыктын ставкаларын төмөндөтүү, ошондой эле айрым өнөр жай ишканаларын жана айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдү салыктан бошотууну камсыз кылуу.

КР ФМ караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкы инспектору Нурсултан Салмоорбеков Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын ишмердүүлүгүндөгү процесстерди санариптештирүү боюнча маалымат берди. Анын презентациясында бажылык башкарууну жакшыртууга, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана бажы кызматтарынын сапатын жогорулатууга багытталган ишке ашырылып жаткан жана пландаштырылган долбоорлор камтылган. Тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүчү жана өлкөнүн экономикасына инвестиция тартууга көмөктөшүүчү жаңы санариптик платформаны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жумушчу жолугушуунун жыйынтыгында Американын Соода палатасы техникалык колдоо көрсөтүүгө жана кызматташууну улантууга даярдыгын билдирди. Өкмөт өкүлдөрү да көтөрүлгөн маселелерди карап чыгууга жана аларды чечүүнүн жолдорун издөөгө даяр экендиктерин ырасташты.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан колдоого алынган жана Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасы тарабынан ишке ашырылып жаткан «Диалог аркылуу бизнести илгерилетүү жана ишкердикти кеңейтүү» долбоору, мамлекеттик жеке диалог үчүн аянтчаны камсыз кылуу аркылуу бизнестин жана ишкерлердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Бул долбоор өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошуу жана ишкердикти өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүү максатын көздөйт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу