Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына салык салуу чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыкты

Новости
04-Август 2023-ж.
1603

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 15-июнундагы № 76 буйругу менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, анын алкагында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан, анда Кыргыз Республикасынын Салык кодексине да өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

Бул Мыйзам долбоору коомдук талкуулоо процедурасын өткөрүү максатында 2023-жылдын 31-июлунда "Коом талкуу" Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун http://koomtalkuu.gov.kg/ ru/view-npa/2922 бирдиктүү порталына жайгаштырылган. 

Мыйзам долбоорунун максаты жана милдети салык мыйзамдарын өркүндөтүү, салыктык тескөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле таза атаандаштык үчүн шарттарды түзүү жана экономиканын көмүскө бөлүгүн кыскартуу болуп саналат.

Салык саясатын ийгиликтүү ишке ашыруунун социалдык маанилүү инструменти болуп мамлекеттин, бизнестин жана жарандардын ортосундагы укуктук өз ара аракеттенүүнүн гаранты катары Салык кодекси саналат. Ошентип, мамлекеттин салык саясаты мыйзамдарды өркүндөтүү максаттарын көздөш керек.

Ушуга байланыштуу, бул мыйзам долбоору көмүскө секторду рынок экономикасынын укуктук компонентине дайыма трансформациялоо максатында өлкөнүн экономикасынын расмий тутумуна да, анын көмүскө бөлүгүнө да таасир этүүчү механизмдерди түзүү, өркүндөтүү боюнча мындан аркы чараларды, фискалдык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, ишкердик үчүн абийирдүү атаандаштык шарттарды түзүү жана жагымдуу бизнес климатты түзүү боюнча чараларды көрөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу