Кыргыз Республикасынын сыноо лабораторияларынын ишин оптималдаштыруу жөнүндө

Новости
04-Август 2023-ж.
1260

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Назарбек Малаевдин жетекчилиги алдында тамак-аш азыктарын сыноо лабораторияларынын, ошондой эле санитардык, ветеринардык жана карантиндик лабораториялардын ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү.

Жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматынын, Химизациялоо, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору, Кыргыз аккредитациялоо борборунун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Лабораториялык изилдөө борборунун адистери кирди.

Жумушчу топко белгиленген талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын лабораториялары тарабынан сыноо жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктөр менен ресурстарга, жабдууларга жана техникалык компетенттүүлүккө талдоо жүргүзүү тапшырылды.

Талдоолордун жыйынтыгы боюнча тамак-аш азыктарынын, фитосанитардык, ветеринардык жана карантиндик лабораториялардын ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштар даярдалат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу