Кыргызстан “ЭКСПО Кытай – Евразия товарлары жана соода-2023” көргөзмөсүнө катышат

Новости
02-Август 2023-ж.
1593

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын СУАРга боло турган иш сапарынын алкагында “Кытай-Евразия” көргөзмөсүнүн алкагында ата мекендик товарлардын көргөзмөсүн даярдоодо. 2023-жылдын 17-августунан 21-августуна чейин Кытайдын СУАР, Үрүмчү шаарында ЭКСПО товарлар жана соода-2023 иш-чарасы өтөт.

Улуттук көргөзмө павильонун уюштуруу Кыргыз Республикасынын атамекендик продукциясын КЭРде жайылтууга багытталган жана анда Кыргызстандын 30 айыл чарба, тамак-аш жана жеңил өнөр жай ишканаларынан, ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүүчүлөрдөн жана башкалардан 140тан ашык продукция көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын 80ден ашык бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу пландаштырылууда.

Ошондой эле иш-чарада энергетика, туризм тармагындагы келечектүү инвестициялык долбоорлор, муну менен катар Кыргыз Республикасынын экспортко багытталган улуттук компанияларынын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлөт.

Кыргызстандын продукциясын импорттоо боюнча келишим түзүүгө кызыкдар Кытайдын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнө ар тараптуу консультациялык колдоо көрсөтүлөт.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында кыргыз-кытай бизнес-форумун өткөрүү пландалып, ага Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик жогорку даражалуу өкүлдөрү жана бизнес чөйрөсүнүн негизги өкүлдөрү катышат.

Жогорудагы иш-чараларга Кыргыз Республикасынын бизнес жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу кытай тарап менен кызматташууну өнүктүрүүгө жана кыргыз продукциясын Кытай Эл Республикасына экспорттоого көмөктөшүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Маалымат иретинде:

ЭКСПОго Евразия чөлкөмүнүн 32 өлкөсүнөн 3 миңден ашык ишканалардын катышуусу күтүлүүдө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу