Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев 2023-жылдын 28-июлунда Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун жетекчилери менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Н.Малаев эки өлкөнүн соодасынын өсүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү керек экенин баса белгилеп, бир нече иш-чараларга басым жасады, алар:
-Кытай Эл Республикасына Кыргыз Республикасынан экспорттоочу товарлардын реестрин кеңейтүү;
-Логистикалык борборлорду түзүү;
-Электрондук сооданы өнүктүрүү;
-Энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу;
-Торугарт, Эркечтам өткөрүү пунктарынын кеңейтүү;
-Электромобиль чыгаруучу биргелешкен ишкана түзүү ж.б.
Ошондой эле 2023-жылдын 17-21-августунда Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарында өтө турган көргөзмөдө Кыргыз Республикасынын катышуусу тууралуу маселе талкууланды.