Экономика жана коммерция министрлигинин Кыргызстандын бизнес-ассоциациялары менен техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсү жөнүндө

Новости
28-Июль 2023-ж.
1629

2023-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Ассоциациялары, атап айтканда, «Канаттуулар ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмеси, “Кыргызстан Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы”, «Кыргыз Эт» Өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүү юридикалык жактардын бирикмеси, ”Кыргызстандын сүт бирикмеси” юридикалык жактардын бирикмеси  менен техникалык жөнгө салуу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү маселе - продукциянын экспортун көбөйтүү. Ушуга байланыштуу техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө ЕАЭБ алкагында материалдарды иштеп чыгуу, ошондой эле республиканын өндүрүүчүлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо жагынан натыйжалуу кызматташуу үчүн Кыргызстандын ассоциациялары менен Меморандум түзүлдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу