“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамга кол коюлду

Новости
27-Июль 2023-ж.
1068

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамга кол койду. Ушул күндөн тартып мамлекеттик органдардын жумушчу тили мамлекеттик тил болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик тилде иш алып барууда 2022-жылдын жыйынтыгы менен 13% көрсөткүчкө ээ болсо, 2023-жылдын жарым жылында 34%га жеткен. Бул көрсөткүчтү жылдын аягына чейин дагы жогорулатууга иш-аракеттер жасалууда.  

Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу “Кыргызтест” тутумунан тест тапшыруу менен министрликтин 22 кызматкери эң жогорку – С1 деңгээлинде сертификатка ээ болсо, 106 кызматкер В2, 37 кызматкер В1 деңгээлиндеги сертификаттарга ээ болгон. 

Штаттык бирдикте мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн иш-кагаздарынын сапатын жогорулатуу, кесиптик өзгөчөлүккө ээ болгон олуттуу ченемдик укуктук актыларды мамлекеттик тилге которуу, лингвистикалык экспертиза жүргүзүү, тексттерди редакциялоо менен алектенген бөлүм каралган. Бөлүмдө документтерди мамлекеттик тилге которуу жаатында 15 жылдан кем эмес иш стажына ээ кесипкөй, тажрыйбалуу кызматкерлер гана эмгектенишет. Бөлүмдүн кызматкерлери борбордук аппараттын, ведомстволук органдардын кызматкерлери демилгелеп чыккан ар тармактуу долбоорлор менен иштешет. Ошондой эле грамматикалык жана башка каталардын үстүнөн иштөө иретинде кеңеш берүү сааттары өткөрүлүп келет. 

Учурда  кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү боюнча билим деңгээлин жогорулатуу максатында тендер жарыялоо менен 30 кызматкерди окутуу башталды. Министрлик мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, аталган Улуттук комиссияга караштуу “Кыргызтест” мекемеси менен тыгыз байланышта иш алып барууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу