Чолпон-Ата шаарында өткөн Өкмөттөр аралык комиссиянын 5-жыйынынын жыйынтыгы тууралуу

Новости
27-Июль 2023-ж.
1502

2023-жылдын 25-июлунан 26-июлуна чейинки мезгилде Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын 5-жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйынынын Протоколунун аткарылышынын жыйынтыктары, соода-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ачылышы жана соода-инвестициялык кызматташтыктын келечеги тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле К.Абдрахманов Кыргызстандын Соода үйүнүн Азербайжандагы кеңсесинин ачылышы Бакудагы бизнес борборлордун биринде болгонун билдирди. Азербайжандык ишкерлерге кыргыз боз үйү түрүндөгү көргөзмө залы тартууланып, анын ичинде кыргыз өндүрүшүнүн товарлары коюлган.

Кошумчалай кетсек, бул жыйындын алкагында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары К.Абдрахманов Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду боюнча баяндама жасады.

К.Абдрахманов белгилегендей, Фонддун максаты экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, насыя берүү, капиталга катышуу жана башка финансылык инструменттерди колдонуу аркылуу өзүн-өзү актаган долбоорлорду каржылоо болуп саналат.

Натыйжалуу жана перспективдүү долбоорлорду калыптандыруу үчүн долбоордук каржылоонун секторлору: айыл чарба, өнөр жай, соода, транспорт, туризм ж.б. аныкталган.

Маалымат иретинде:

Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуунун алкагында түзүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында жыйынтык протоколго кол коюлду.

Ошондой эле бул жолугушуунун алкагында «Кыргызстан-Азербайжан» бизнес форуму өттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу